Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:13

Трамп кытай компаниясына «ТикТокту» сатууга 45 күн мөөнөт чектеди


Дональд Трамптын жарлыгына ылайык, кытайлык «ТикТок» менен «Вичат» соцтиркемелери америкалык компанияларга сатылбаса, АКШда алардын ишине бөгөт коюлат.
Дональд Трамптын жарлыгына ылайык, кытайлык «ТикТок» менен «Вичат» соцтиркемелери америкалык компанияларга сатылбаса, АКШда алардын ишине бөгөт коюлат.

АКШнын президенти Дональд Трамп «ТикТок» коркунучуна каршы» деп аталган жарлык чыгарды. Ага ылайык, 45 күндүн аралыгында кытайлык «ТикТок» менен «Вичат» социалдык тиркемелери америкалык компанияларга сатылбаса, Кошмо Штаттарда алардын ишине бөгөт коюлат. Ошондой эле «ТикТокко» ээлик кылган «Байтдэн» менен «Вичатты» түзгөн «Тенсент» компанияларына каршы санкция киргизилет.

Өткөн жекшембиде америкалык «Майкрософт» компаниясы «Байтдэнс» интернет лөгү менен анын «ТикТок» социалдык түйүнүн сатып алуу тууралуу сүйлөшөрүн билдирген. Анын алдында Трамп коопсуздуктан улам бул соцтармакты АКШнын аймагында таптакыр жаап саларын эскерткен.

Буга чейин америкалык коопсуздук кызматтары Кытай бул соцтармакты америкалык жарандар тууралуу жеке маалыматтарды топтош үчүн пайдаланышы мүмкүн деп кооптонуп келишкен.

«ТикТоктун» жетекчилиги бир канча жолу мындай дооматтарды четке каккан жана бул платформаны кытай бийлиги көзөмөлдөбөйт деп ишендирүүгө аракет кылган.

«ТикТок» социалдык видеотармагынын дүйнөнүн 150 өлкөсүндө бир миллиарддай колдонуучусу бар жана анын 80 миллионго жакыны АКШга туура келет. Бул соцтармакка колдонуучулар 15 секундалык ыр-күү жана анимация менен коштолгон кыска видеолорду жүктөшөт.​

XS
SM
MD
LG