Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

«Майкрософт» «ТикТокту» сатып алгысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Майкрософт» компаниясы жекшембиде кытайлык «Байтдэнс» интернет лөгү менен анын «ТикТок» («TikTok») социалдык түйүнүн сатып алуу тууралуу сүйлөшөрүн билдирди.

Сүйлөшүүгө 45 күн мөөнөт чектелди

Ак үйдөгү ишенимдүү булактар Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп кытайлык компанияга алды-сатты жөнүндө макулдашууга келүүгө 45 күн мөөнөт чектегенин билдирди. Анын алдында Трамп коопсуздуктан улам бул соцтармакты АКШнын аймагында таптакыр жаап саларын эскерткен болчу.

«Майкрософт» «ТикТок» соцтармагын сатып алууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдү 15-сентябрга чейин аягына чыгарууну көздөп турат. Аталган компания 2-августта буга байланыштуу атайын билдирүү таратты. Анда компаниянын башчысы Сатья Наделла менен АКШнын президенти Дональд Трамп сүйлөшкөнү, «Майкрософт» «ТикТоктун» америкалык колдонуучулары тууралуу жеке маалыматтарды өзүнө которуп алууга, сактоого даяр экенин билдиргени жазылган.

«Президент көтөргөн маселенин маанилүүлүгүн «Майкрософт» толугу менен түшүнөт. Компания «ТикТокту» АКШнын экономикалык пайдасын камсыздоо жана коопсуздукту толук текшерүү шартында сатып алууну көздөйт», деп белгиленген билдирүүдө.

Ошол эле кезде «Майкрософт» алду-сатты боюнча келишим түзүлө турганына толук көзү жетпесин да мойнуна алган.

Ак үйдөгү ишенимдүү булактарга ылайык, «ТикТокко» ээлик кылган кытайлык «Байтдэнс» компаниясы менен «Майкрософттун» сүйлөшүүлөрүнө АКШнын Чет өлкөлүк инвестициялар боюнча комитети жетекчилик кылмакчы. Бирок сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу Ак үй да, сүйлөшө турган тараптар да азырынча расмий комментарий бере элек.

Трамп «ТикТокко» сөөмөй кезеди

Өткөн аптанын аягында Дональд Трамп «ТикТокту» АКШда жаап коёрун эскерткен:

«Биз азыр «ТикТокту» караштырып жатабыз. Балким биз аны жаап коёбуз же дагы башка чечимдерди кабыл алабыз. Бул жерде бир канча вариант бар. Эмне болорун көрөбүз. Биз «ТикТокко» байланыштуу бир катар альтернативаларды караштырып жатабыз».

Буга чейин АКШнын коопсуздук кызматтары Кытай бул соцтармакты америкалык жарандар тууралуу жеке маалыматтарды топтош үчүн пайдаланышы мүмкүн деп кооптонуп келишкен.

«ТикТоктун» жетекчилиги бир канча жолу мындай дооматтарды четке каккан жана бул платформаны кытай бийлиги көзөмөлдөбөйт деп ишендирүүгө аракет кылган.

Соцтмармактын Түндүк Америка боюнча директору Ванесса Паппас «ТикТок» АКШдан кетпей турганын айтты. Ал ишембиде «биз бул жакта көпкө калабыз, биздин тиркеме аркылуу үн кошкула, келгиле, «ТикТокту» коргоп калалы» деп билдирүү таратты.

Жекшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «FoxNews» телеканалына Трамп жакынкы күндөрү чечим кабыл аларын айтты:

«Президент Трамп «жетишет» деп айтты, ушундан улам биз жагдайды жөнгө салууну көздөйбүз. Ал жакын арада Кытайдын Компартиясы менен байланышы бар бул программалык камсыздоодон улам улуттук коопсуздуктун кеңири тармагына байланыштуу чараларды көрөт».

АКШнын финансы министри Стивен Мнучин ABC телеканалына 100 миллион америкалыктар тууралуу маалыматка байланыштуу кооптонуу бар экенин ырастады жана «ТикТок» соцтармагы мындан ары азыркыдай форматта иштеши мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Бир катар республикачы сенаторлор бул соцтармакка байланыштуу көрүлө турган чараларды кубаттап чыгышты.

Мындан эки ай мурун АКШдагы «ТикТоктун» колдонуучулары менен Түштүк Кореянын «Кей поп» музыка сүйүүчүлөрү Дональд Трамптын Оклахома штатындагы шайлоочулар менен жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышканын айтып чыгышкан. Алар бул жолугушууга катыша турган адам болуп катталып, жүздөгөн билеттерди ээлеп койгону менен келбей коюшкан. Натыйжада жолугушуу өтө турган жай жарым-жартылай гана толгон. Дональд Трамптын администрациясы жолугушууну үзгүлтүккө учуратуу аракети болгонун жокко чыгарышкан.

«ТикТок» социалдык видеотармагынын дүйнөнүн 150 өлкөсүндө бир миллиарддай колдонуучусу бар жана анын 80 миллионго жакыны АКШга туура келет. Бул соцтармакка колдонуучулар 15 секундалык ыр-күү жана анимация менен коштолгон кыска видеолорду жүктөшөт.​

Индия «ТикТокту» жапкан

Өткөн айда Индия Кытай менен чек арасында бир нече адамдын өлүмү менен аяктаган кагылышуудан кийин Бээжиндин 60тай мобилдик тиркемесин, анын ичинде «ТикТокту» да өз аймагында жаап салган. Бийлик мындай чечимин улуттук коопсуздукту коргоо аракети менен түшүндүргөн.

«Instagram», «Facebook» жана «Twitter» соцтармактарынан айырмаланып, «TikTok» Индиянын айыл-кыштактарында өтө популярдуу болчу жана ал жакка индиялыктар негизинен ырдап, бийлегендери тартылган кыска видеолорун жайгаштырып келишкен.

АКШ «FaceApp» тиркемесинен да кооптонот

Былтыр жыл аягында АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФИБ) Орусияда иштелип чыккан «FaceApp» фото-тиркемеси АКШдагы шайлоонун коопсуздугуна таасир этиши ыктымал экенин билдирген. Анда орусиялык атайын кызматтар өздөрүнө керектүү маалыматтарды «FaceApp» аркылуу чогултуп алуу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленген.

Былтыр жайында Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер аталган фото тиркеме АКШнын улуттук коопсуздугуна жана колдонуучулардын жеке маалыматтарына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин айтып чыккан жана ФИБге тиркемени текшерүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн.

Шумер тиркемени пайдалангандардын сүрөттөрү жана жеке маалыматтары келечекте алардын уруксаты жок эле колдонулушу ыктымал деген кооптонуусун айткан.

Бул программаны иштеп чыккан орусиялык компания болсо дооматтарды четке кагып, сүрөттөрдүн көбү 48 сааттын ичинде серверден жок кылынарына, кардарлардын маалыматтары башка адамдарга же уюмдарга берилбей турганына ишендирүүгө аракет кылган.

Жасалма интеллекттин негизиндеги «FaceApp» тиркемеси 2017-жылы пайда болгон. Анын жардамы менен адамды улгайтып, жашартуудан сырткары, жылмайтып, чачынын түсүн, ал тургай жынысын да өзгөртүп көрсөтсө болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG