Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Кыргызстан боюнча авариялык абалдагы 245 мектептин көпчүлүгү кайра курулууда


2018-жылы Кыргызстанда салынган мектептердин бири. Архивдик сүрөт. Кара-Суу району.
2018-жылы Кыргызстанда салынган мектептердин бири. Архивдик сүрөт. Кара-Суу району.

Өкмөттүк комиссия былтыр Кыргызстан боюнча 245 мектепти авариялык абалда деп тапкан. Анын 117синин ордуна республикалык бюджеттин, чет элдик фонддорунун жана Бишкек, Ош мэрияларынын эсебинен каржыланган мектептер курулуп жатканын Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров 7-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы бекитилген тизме боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 29 авариялык өтө оор абалдагы мектептин имараты жаңыланып, курулушу жүрүп жатат. Быйыл он бир мектеп бүткөрүлөт.

Маалыматка караганда, мындан тышкары коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 15 мектептин кошумча корпустары курулууда.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 2200дөй мектепте бир миллиондон ашуун окуучу билим алат.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу 2019-2020-окуу жылы аралыктан окутуу аркылуу жыйынтыкталды. (NT)

XS
SM
MD
LG