Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Улуу Үркүндү эскерген алгачкы жүрүш тууралуу китеп чыкты


«Өмүр көчү» китеби.
«Өмүр көчү» китеби.

Улуу Үркүндү эскерген алгачкы жүрүш тууралуу китеп жарык көрдү. Бул тууралуу 7-августта «Азаттыкка» китептин авторлорунун бири, «Эрайым» аялдар коомдук бирикмесинин жетекчиси Ракыя Жусупова билдирди.

Анын айтымында, «Өмүр көчү» китеби 1991-жылы Үркүндүн 75 жылдыгына карата ушундай эле аталышта уюштурулган жөө жүрүштүн катышуучуларынын эскерүүлөрүнөн, тарыхый материалдардан турат.

"Китепке Жумагазы Садыр уулу экөөбүз жүрүшкө чыккандардын, тарыхчылардын эскерүүлөрүн жыйнадык. Чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн пикирлерин коштук. «Айгине» коомдук фонду менен бирге көтөрүлүш чыккан жерлердин картасын чийип, киргиздик.", - деди Жусупова.

Жусупованын айтымында «Өмүр көчү» деген ураандын алдында 1991-жылы уюштурулган Бишкектен Караколго чейинки 12 күндүк жөө жүрүшкө 75 киши катышкан. Аны уюштуруучулардын башында «Ашар» коомунун жетекчилери Жумагазы Садыр уулу менен Ракыя Жусупова турган:

«Үркүн маселеси «Ашардын» демилгеси менен көтөрүлүп чыккан. Абдан каршы чыккандар, токтотууну талап кылгандар болгон. Ошого карабай «Биз, кыргыз жаштары эскербесек, ата-бабаларыбызды ким эскермек эле?» деп аракет кылып, акча издеп таап, жолго чыкканбыз. «Ашарды» «Асаба» партиясы, КДКнын тутумундагы уюмдар колдогон."

Жусупова ошондой эле «Өмүр көчү» жүрүшүнүн алкагында Үркүндө каза болгондорго жалпысынан беш жерге эстелик ташы коюлганын, алардын бири Бишкектин «Түштүк дарбазасынын» жанында экенин, анын ачылышына 1991-жылы өткөн Кыргыздардын 1-дүйнөлүк курултайынын делегаттарын чакырышканын белгиледи.

Автордун айтымына караганда ошол жерге атайын эскерүү комплекс куруш үчүн төрт гектар жер берилип, бирок ал тилке боюнча талаш-тартыш ушул күнгө чейин уланып келе жатат.

"Үркүндү көбү саясатка да айландырып кетти. Биздин китепте бүт чындык жазылган. 75 жылдыгын «Ашар», 90 жылдыгын «Асаба» партиясы уюштурган. Сөөктөрдү чогултуп, көөмп келгенбиз. 100 жылдыкты мамлекет менен бирге уюштурдук».

Улуу Үркүн тууралуу "Өмүр көчү" китеби 500 нуска менен Бишкекте чыкты.

Жогорку Кеңештин 2008-жылдын 18-апрелиндеги токтому менен август айынын биринчи жума күнү Кыргызстанда 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүү датасы катары аныкталган.

Үркүн окуялары Кыргызстанда 7-8-ноябрда да Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө эскерилет.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүшү кандуу басылган соң, орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын саны дээрлик 40% азайган.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-1980-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматтарды жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG