Коронавирустан айыккан бейтаптарда белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн.
Бул тууралуу пульмонолог Талант Сооронбаев 7-августтагы брифингде билдирди. Анын айтымында, оорудан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алган учурлар катталган эмес, бул адамда иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу. Бейтап дарыланып чыккандан эки жумадан кийин башка адамга вирус жуктурат деген коркунуч жок. Бирок симптомдор жүрө бериши ыктымал.
"Мисалы, алсыздык, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби, организмдин калыбына келиши узакка созулат. Үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилер пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул - башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Эгерде башка органдардын ооруларынын, өпкө оорулар, жүрөк-кан тамыр дарттарынын белгилери болсо үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин адистерге кайрылуу керек. Өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентгенде вирустун белгилери кала берет".
Сооронбаев ар бир бейтаптын реабилитациясы ар кандай өтөрүн айтып, вируска кабылгандарды дарыгер жазып берген сунуштарды так аткарууга чакырды. Өз алдынча дарыланбоону, такталбаган кеңештерди колдонбоону сунуш кылды.
КыргызстандаCOVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери илдет расмий аныкталган учурлар 39587ге жетти. Анын 31281 айыкты. Вирустан 1460 киши кайтыш болду.