Акыркы маалыматка караганда, Ливандын башкалаасы Бейруттагы жардыруудан 154 киши каза болду. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги жардыруудан жаракат алган 5 миң кишинин ар бир бешинчиси дарыланууга муктаж экенин, 120 адамдын абалы өтө оор экенин билдирди.
БУУнун эсебинде, кандуу окуяда Бейруттун 300 миңдей жашоочусу турак жайынан айрылды, алардын 80и балдар.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жабыркагандарга тез арада бериле турган жардам 15 миллион долларга бааланарын кабарлады.
4-августтун кечинде Бейруттун портунда кош жарылуу болгон. Алты жыл мурда Ливандын бийлиги кемеден конфискациялап алган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылып кеткени ачыкка чыккан.
Ливандын тергөө кызматы жарылууга шалаакылык себеп болгонун билдирүүдө. Ошол күнү жүккө жакын жерде ширетүү иштери жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Жарылуунун эпкини порттун бир бөлүгүн жана шаардагы турак жайларды талкалап кетти.