Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

Индияда учак кырсыгынан 18 киши набыт болду

Кырсыктаган учак. 7-август, 2020-жыл. Индия.
Кырсыктаган учак. 7-август, 2020-жыл. Индия.

"Эйр Индиа Экспресс" авиакомпаниясынын Дубайдан чыккан "Boeing 737" учагы 7-августта Индиянын түштүк батышындагы Керала штатындагы аэропортко конуу учурунда кулап түшкөн.

Кырсыктан 18 киши каза болуп, 136сы ар кандай жаракат алышты. Бортто экипажды кошкондо 191 киши болгон.

Жүргүнчүлөрдүн көбү Дубайдан мекенине кайткан индиялыктар. Кырсык тартылган видеолордо учактын конуу тилкесинен чыгып кеткени көрүнөт. Бул учактын чыкканына 13 жыл болгону айтылды.

XS
SM
MD
LG