Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

21:01 23.8.2020

Беларус элинин жүрүшү

Беларуста өтүп жаткан митингде демонстранттар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерип турушту. 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган митингдерде жалпысынан беш адам өлдү.
1/13 Беларуста өтүп жаткан митингде демонстранттар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерип турушту. 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган митингдерде жалпысынан беш адам өлдү.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
 «Наша нива» каналы Беларус баш калаасында жүз миңдеген адамдын чогулганын жазды. Ал эми оппозициячыл NEXTA чогулгандардын санын 100 миңге чейин деп кабарлап жатат. Ушундай эле маалымат менен "Еврорадио" да бөлүшүүдө. «Ачык медиа» басылмасы Эгемендик аянтына эл жык-жыйма толгонун, ал жакка болжол менен 200-300 миң адам батарын жазды.
2/13  «Наша нива» каналы Беларус баш калаасында жүз миңдеген адамдын чогулганын жазды. Ал эми оппозициячыл NEXTA чогулгандардын санын 100 миңге чейин деп кабарлап жатат. Ушундай эле маалымат менен "Еврорадио" да бөлүшүүдө. «Ачык медиа» басылмасы Эгемендик аянтына эл жык-жыйма толгонун, ал жакка болжол менен 200-300 миң адам батарын жазды.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
3/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Аскер кызматкерлери Минскинин борборундагы Улуу Ата мекендик согуш музейин курчоого алышты.
4/13 Аскер кызматкерлери Минскинин борборундагы Улуу Ата мекендик согуш музейин курчоого алышты.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Беларустун борбор калаасында түмөндөгөн адамдар чоң митингге чогулушту. Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
5/13 Беларустун борбор калаасында түмөндөгөн адамдар чоң митингге чогулушту. Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.
6/13 Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
7/13 Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Belarus - Protests after presidential elections in Belarus. Hrodna, 23Aug2020
8/13 Belarus - Protests after presidential elections in Belarus. Hrodna, 23Aug2020
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
9/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
10/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
11/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск.
12/13 Минск.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минскинин борборунда түмөндөгөн киши “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.
13/13 Минскинин борборунда түмөндөгөн киши “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Артка
Алдыга

20:32 23.8.2020


Аскер кызматкерлери Минскинин борборундагы Улуу Ата мекендик согуш музейин курчоого алышты. Музейдин тегерегинде металл тосмолору орнотулуп, анын жүздөгөн аскер кызматкерлери тосуп турушат. Аскерлердин колдорунда Калашников автоматтары бар. Музейдин жанындагы сейил бакта ондогон аскер машинелери турат.

19:34 23.8.2020
«Жаңы Беларус жүрүшүнө» түмөндөгөн эл чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:32 0:00

19:32 23.8.2020

Беларустагы митингге тилектештик акциялары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө да өтүп жатат

Грузиянын борбору Тбилисиде активисттер Беларус элчилигинин жанында чынжыр болуп чыгышты.

Латвиянын борбору Рига шаарында 400дөй адам беларустарга тилектештигин билдирип чыкты. Акцияга бул мамлекеттин башчысы Эгил Левитс келип кетти. Катышуучулар колуна Беларустун ак-кызыл желегин жана Латвиянын, Литванын, Эстониянын желектерин кармап турушту.

Литвада 50 миңден ашуун адам Вилнюстун борборунан Беларустун чек арасына чейинки 32 чакырым аралыкта тирүү чынжыр болуп турушту. Аларга Литванын президенти Гитанас Науседа келери күтүлүүдө. Ал жарандарды коңшу өлкөнү алмашуу жолунда колдоого чакырган.

Литвадагы бул иш-чара тарыхта «Балтика жолу» деген аталыш менен калган окуялардын 31-жылдыгына карата уюштурулууда. 1989-жылы 23-августта Молотов-Риббентроп пактына кол коюлганына 50 жыл болгон күнү миллиондон ашуун адамдар Вилнюстан Латвия аркылуу Таллинге чейин тирүү чынжыр болуп тизилип чыгышкан. Алар «Балтика ойгонууда» деген ырдын алдында кол кармашып турушкан.

Ага чейин да, андан бери да Европада андай ири иш-чара боло элек. Балтикалыктардын тынч акциясы Гиннестин рекорддор китебине эң узун чынжыр катары кирген, ошондой эле ЮНЕСКОнун тынчтык тизмесине катталган.

«Молотов-Риббентроп пакты» 1939-жылы 23-августта Москвада түзүлгөн. Анын жашыруун протоколдоруна ылайык, Балтика боюндагы айрым өлкөлөр, Финляндия жана башка айрым аймактар СССРдин таасири астында калмак.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG