Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06
Минск
Минск

Беларус: «Демократия маршына» чыккандар кармалды

Беларуста өкмөткө каршы демонстрацияга чыккан жүздөгөн адамдар кармалды. «Весна» укук коргоо уюму жарыялаган тизмеге ылайык, 8-ноябрда 328 киши кармалган. Аларды негизинен баш калаа Минскиде, Гомель, Витебск, Жлобин жана башка шаарларда полиция кармап кеткен. Кармалгандардын айрымдары бошотулду.

Демонстранттар Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Мындан кийин Беларустун тургундары нааразылык акцияларын уюштуруп, өзгөрүүнү, жаңы муундун бийликке келишин талап кылышууда. Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын Евробиримдик, Британия, Канада тааныган жок.

21:01 23.8.2020

Беларус элинин жүрүшү

Беларуста өтүп жаткан митингде демонстранттар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерип турушту. 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган митингдерде жалпысынан беш адам өлдү.
1/13 Беларуста өтүп жаткан митингде демонстранттар курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерип турушту. 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган митингдерде жалпысынан беш адам өлдү.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
 «Наша нива» каналы Беларус баш калаасында жүз миңдеген адамдын чогулганын жазды. Ал эми оппозициячыл NEXTA чогулгандардын санын 100 миңге чейин деп кабарлап жатат. Ушундай эле маалымат менен "Еврорадио" да бөлүшүүдө. «Ачык медиа» басылмасы Эгемендик аянтына эл жык-жыйма толгонун, ал жакка болжол менен 200-300 миң адам батарын жазды.
2/13  «Наша нива» каналы Беларус баш калаасында жүз миңдеген адамдын чогулганын жазды. Ал эми оппозициячыл NEXTA чогулгандардын санын 100 миңге чейин деп кабарлап жатат. Ушундай эле маалымат менен "Еврорадио" да бөлүшүүдө. «Ачык медиа» басылмасы Эгемендик аянтына эл жык-жыйма толгонун, ал жакка болжол менен 200-300 миң адам батарын жазды.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
3/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Аскер кызматкерлери Минскинин борборундагы Улуу Ата мекендик согуш музейин курчоого алышты.
4/13 Аскер кызматкерлери Минскинин борборундагы Улуу Ата мекендик согуш музейин курчоого алышты.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Беларустун борбор калаасында түмөндөгөн адамдар чоң митингге чогулушту. Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
5/13 Беларустун борбор калаасында түмөндөгөн адамдар чоң митингге чогулушту. Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.
6/13 Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
7/13 Демонстранттар колдоруна ак түстөгү шарларды, “Кет!”, “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!” деп жазылган плакаттарды кармап алышкан.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Belarus - Protests after presidential elections in Belarus. Hrodna, 23Aug2020
8/13 Belarus - Protests after presidential elections in Belarus. Hrodna, 23Aug2020
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
9/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
10/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск, 23-август.
11/13 Минск, 23-август.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минск.
12/13 Минск.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Минскинин борборунда түмөндөгөн киши “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.
13/13 Минскинин борборунда түмөндөгөн киши “Өзгөрүүлөрдү каалайбыз!”, “Кет!” деп ураан чакырып жатышат.
Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө.
Артка
Алдыга

16:10 30.8.2020

Минск шаарынын чок ортосундагы Эгемендик аянты полициянын курчоосуна алынып, автозактар жана суу бүрккүч техника алып келинди. Аянтта бүгүн, 30-августта "Тынчтык жана эгемендик жүрүшү" болору кабарланган.

Эгемендик аянтында 9-августтан бери президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциялары токтобой уланууда.

Шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко 80% ашуун добуш менен утуп чыкканы расмий кабарланган. Оппозиция буга каршы чыккан.

Өлкөнүн бир катар шаарларында жапырт нааразылык акциялары башталган. Полиция менен кагылыштарда жүздөгөн адамдар жабыркап, үч киши набыт болгону расмий кабарланган.

Кармалып, камакка алынгандар уруп-сабоого туш болушканын бошотулгандан кийин маалымдашкан.

АКШ, Британия, Швейцария жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн Минскидеги өкүлчүлүктөрү 29-августта бийликтин демонстранттарга күч колдонуусун сындап, кармалгандарды бошотууну талап кылышкан. Билдирүүлөрдө кризистик кырдаалдан чыгуу тынч сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилүүсү тийиштиги белгиленген.

17:34 30.8.2020

Минскиде президент Александр Лукашенкого каршы өтүп жаткан митингдин катышуучуларын күч кызматтары кармап кетүүдө. Бул тууралуу митингде жүргөн кабарчыбыз маалымдады. Мындан эки саат мурда Эгемендик аянты полициянын курчоосуна алынып, автозактар жана суу бүрккүч техника келген.

19:27 30.8.2020

Минскиде Александр Лукашенкого каршы нааразылык акциялары уланууда. «Тынчтык жана эгемендик жүрүшүнө” миңдеген адам чыкты. Бишкек убактысы боюнча кечки саат 6да түшкөн маалыматка ылайык, 30га жакын адам камакка алынды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG