Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-сентябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:02

Орус президенти офицерлерге каракүл папах кийүүгө тыюу салды


Орусия президенти Владимир Путин менен коргоо министри Сергей Шойгу. Москва, 23-февраль, 2018-жыл.

Президент Владимир Путин Куралдуу күчтөрдүн жана Федералдык күзөт кызматынын жогорку деңгээлдеги офицерлерине маңдайында калканчы бар каракүл тумактарды (папах) кийүүгө тыюу салды. Мындай мазмундагы жарлыкка Орусия президенти 9-августта кол койду. Генералдар менен адмиралдардын боз түстөгү каракүл тумагынын ордун мындан ары «5% алтын жиптер» менен кооздолгон аң териден жасалган тумак алмаштырат. Полковниктер үчүн тумак калканчы менен тигилет. «Папах реформасы» ага сарпталуучу каражатты үнөмдөө максатында ишке ашырылып жатканы кабарланган.

Би-Би-Си жазгандай, каракүлдөн тигилген папахтар 1817-жылы Кавказда согушуп жүргөн орус армиясына киргизилген. 1855-жылдан тартып ал казак-орус аскерлеринин баш кийимине айланган. 1913-жылы папахты бүт армия кие баштаган. Октябрь революциясынан кийин «кызыл командирлер» актарга тиешелүү папахты кийишкен эмес. Бирок 1940-жылдарда каракүл папах кийүүгө жогорку деңгээлдеги офицерлерге, генералдарга, маршалдарга уруксат берилген. Бир нече жылдан кийин каракүл папах кийүүгө полковниктерге да уруксат берилген.

1990-жылы коргоо министри Дмитрий Язовдун буйругу менен каракүл папахтарын офицерлер өз эсебинен тиктирип кие башташкан. Кийинчерээк президент Борис Ельцин орус армиясында каракүл папахты кулакчыны бар жөнөкөй тумакка алмаштырган.

Владимир Путиндин учурунда папахтарды кайрадан жогорку чиндеги офицерлер кие башташкан.

XS
SM
MD
LG