Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 04:31

ӨКМ: сууга чөгүп кеткендер көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 9-августта Чүй облусунун Кемин районундагы Жел-Арык айылында 15 жаштагы эркек бала көлмөгө чөгүп кеткен. Куткаруучулар сөөктү таап Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Ушул эле күнү Лебединовка айылындагы чакан ГЭСке 15 жаштагы эркек бала чөгүп кетип, сөөгү 10-августта табылды.

9-августта Кара-Суу районундагы Ачы айылындагы каналга жети жаштагы бала чөгүп кеткен бойдон табыла элек. Издөө иштери 10-август күнү улантылары кабарланды.

Кочкор районунда да 7-август күнү Теңдик айылынан өткөн Чу дарыясына жети жаштагы бала агып кетип, ушул күнгө чейин табыла элек.

Ала-Бука районунда 8-августта Орто-Токой суу сактагычына 26 жаштагы эркек киши чөгүп кетип, сөөгү эртеси табылган. Ал эми Озгур айылында 3-августта Южный каналына чөгүп кеткен 26 жаштагы эркек кишини издөө иштеринен жыйынтык чыга элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG