Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Кыз ала качуу үчүн шек саналган үч киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

ИИМдин Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук башкармалыгынын маалыматына караганда кыз ала качуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталып, ага тиешеси бар деп шек саналган үч адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз бөлүмүнүн инспектору Алмаш Кадырова билдирди:

«Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, сотко чейинки териштирүү башталды. 23 жаштагы кызды Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусуна эркине карабай никеге туруу максатында ала качып кетишкени аныкталган. Тергөө учурунда эки эркек жана бир аял «Адамдын эркине карабай мажбурлап никеге тургузуу» беренеси менен шек саналып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди».

Эки күн мурда «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бир кызды 7-августта Түп районуна ала качып кетишкенин социалдык тармактарга жазып чыккан.

Факты аныкталган соң милициянын Бишкек, Каракол шаардык жана Түп райондук бөлүмдөрүнүн кийлигишүсү менен ала качууга кабылган кыз Бишкек шаарына жеткирилген.

Укук коргоочу кызды ала качкан адам андан 16 жаш улуу, мурда үч жолу үйлөнгөн, балдары бар жаран экенин билдирди. Жабырлануучу ала качкан киши менен мурда жолугушуп, сүйлөшкөн эмес жана ушу тапта жабыркаган кыз психологдун жардамына муктаж.

Кылмышка шектүүлөр жана алардын тарапкерлери ала качуу фактысы жана ага байланыштуу коюлуп жаткан айыптар тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда 2013-жылкы мыйзамга ылайык, кыз ала качкан адам 5-7 жылга эркинен ажыратылат.

Иликтөөлөрдө жаңы үй-бүлөлөрдүн 20% ала качуунун негизинде куралары, ала качуу курмандыгы болгон кыздардын милицияга кайрылган учурлар өтө сейрек кездешери айтылып келатат. (AiA)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG