Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Казакстандын Семей шаарында автобус айдоочулары ишке чыгуудан баш тартышты


Семейде автопарктын алдына чогулган айдоочулар. 10-август, 2020-жыл.
Семейде автопарктын алдына чогулган айдоочулар. 10-август, 2020-жыл.

Чыгыш Казакстан облусундагы Семей шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген «Semey Bus» компаниясынын ондогон кызматкерлери каттамдарга чыгуудан баш тартып, дүйшөмбү күнү автопарктын алдына чогулушту. Алардын айтымында, келишим боюнча айдоочулар күнүнө 10 миң теңгеден (23 доллар) алышы керек болсо, бул айда аларга 4-5 миң теңгеден гана берилүүдө.

«Айдоочулар күнүнө 10 миң теңгеден алышы керек болчу. Мындан тышкары кондукторлорду да кыскартып, «күнүнө кошумча 2,5 миң теңгеден төлөп беребиз» деп убада беришкен. Бирок бул акчаны эч ким алган жок, тескерисинче айлыкты 4,5 миң теңгеге азайтып коюшту», - деп билдирди «Semey Bus» компаниясы менен соттошуп жаткан мурдагы кондуктор Наталья Борисевич.

Автопарктын алдына чогулгандар менен шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сериккали Жуманов жолугуп, аларды тынчытууга аракет кылды. Ал 3-августтан бери автопаркты көзөмөлдөгөн ревизиялык комиссия иштеп жатканын билдирди.

Айдоочулар медициналык камсыздандыруу менен пенсиялык чегерүүнүн жоктугуна жана айыппулдардын көптүгүнө да нааразылык билдиришүүдө. Алар кесиптик кошуун түзүлгөнүн билдирип, кол топтой башташты. Ушу тапта ага 78 киши кол койгону кабарланууда.

«Semey Bus» компаниясынын кызматкерлери жумуш берүүчүнүн аракеттерине каршы буга чейин да бир нече жолу нааразылыгын билдиришкен. 14-июлда алар айлык 10 күнгө кечиктирилгенине нааразы болуп акцияга чыгышкан. Мындан тышкары айдоочулар 49% үлүшү Семей шаардык акимчилигине таандык автопарктын ишин текшерүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG