11-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз 30…35;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° болот.