Август айынын экинчи ишембисинен тартып кулжа-теке, кийик, каман жана айрым канаттууларга аңчылык кылууга уруксат берилди. Аңчылык убактысы октябрь айынын акыркы жумасына чейин созулат.
Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, быйылкы аңчылык мөөнөттө жалпысы 800дөн ашуун кулжа-теке, 60 баш каманды атууга уруксат берилген.
Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандагы тоо-токойлордо 46 миң баш кайберендин түрлөрү, үч миңден ашуун каман эсептелген. Мындан тышкары Кызыл китепке киргизилген Марко Поло, Тянь-Шань жана Северцев аркарларынын саны 16 миңден ашкан. (ZKo)