Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:20

Алайда 31 жаштагы милиционер пневмониядан каза болду


Азамат Сыдыков.
Азамат Сыдыков.

Алай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Азамат Сыдыков 9-августта пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Облустук ички иштер башкармалыгы жана Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн эмгек жамааты маркумдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтышты.

Азамат Сыдыков 1989-жылы Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө, Кызыл-Жар айылында туулган. Милицияда 2010-жылдан бери иштеп келе жаткан.

Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.

Июль айында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) эки кызматкери - Улукбек Умаров менен 32 жаштагы Чыңгыз Оморов коронавирустан каза болгон. Ага чейин Бишкекте үч милиция кызматкери коронавирус жугуп каза болгон. ИИМдин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова да коронавирус жуккандан кийин көз жумган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG