Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Орусия менен аба каттамдарын жандантуу аракети жүрүп жатат


«Манас» эл аралык аэропорту. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
«Манас» эл аралык аэропорту. Бишкек, Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен аба каттамдарын жандантуу маселесин талкуулады.

Тараптардын сүйлөшүүсү 10-августта телефон аркылуу жүрдү. Эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары коронавирус пандемиясынын кесепеттерин жоюунун жолдору тууралуу сүйлөшүп, кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде мамлекет аралык аба каттамдарын жандантууну талкуулашты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Чыңгыз Айдарбеков орус бийлигине коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары министрлер аймактык жана эл аралык саясат тууралуу пикир алышты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып, чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Башка мамлекеттер менен эл аралык каттамдарын токтоткон. Август айынан тартып айрым өлкөлөр менен аба каттамдары жанданары 10-августта расмий кабарланды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө ылайык, 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары жанданды.

Орусия менен туруктуу авиа каттамдар калыбына келе элек. Азырынча Орусиянын бир нече аймактарынан Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларына чартердик каттамдагы учактар гана учууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG