Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Дүйшөмбүдө курулуш краны кулап, 22 жаштагы жумушчу каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбүдө курулуш краны кулап, 22 жаштагы жумушчу каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча комитети билдирди.

Мекеменин басма сөз катчысы Умед Юсуфинин айтымында, 8-августта кечкурун болгон кырсыктан дагы бир жумушчу оор жараат алып, ооруканага жеткирилди.

Маалыматка караганда, «Хиштрез» компаниясына таандык 35 метрлик кран жакын жайгашкан үйлөргө кулап, чатырларын жарым-жартылай зыянга учураткан. Бул факты боюнча тергөө иштери башталды. Ушу тапта келтирилген чыгым эсептелүүдө.

2019-жылы майда 30 метрлик кран Дүйшөмбүдөгү «Корвон» базарынын аймагына кулап, курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн бир нече батирин бузуп кеткен. Анда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан компания батир ээлерине компенсация төлөп берүүгө убада берген.

XS
SM
MD
LG