Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде доллар 20-30 тыйынга кымбаттады


АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

Июль айынын аягынан бери 76 сомдун тегерегинде кармалып келаткан АКШ доллары соңку бир сутка ичинде 20-30 тыйынга чейин кымбаттады.

Кыргызстандын улуттук банкы 11-августка карата доллардын курсун 77 сом 42 тыйын деп белгилеп, АКШ акчасынын куну 0,48 пайызга көтөрүлдү.

Ал эми жеке менчик банктар бир долларды 77 сом 40 тыйындан, 77 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 77 сом 80 тыйындан, 77 сом 90 тыйындан сатып жатат.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде кармалып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттап, 3-апрелде расмий курсу дээрлик 85 сомго жеткен. Мындай көрүнүш бир апта уланып, доллар кайра арзандай баштаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG