Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:30

Марттан бери Кыргызстанга Орусиядан 26 миңден ашуун жаран келди 


Эл аралык «Манас» аэропортунан учуп чыккан учак.

Чет жактардагы кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу тууралуу президенттин чечимине ылайык, 3-9-август аралыгында Орусиядан Кыргызстанга 4 181 жаран алынып келди.

Аларды алып келиш үчүн сегиз чартердик аба каттамы жана 43 автобус уюштурулду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун маалыматына караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 20-марттан 10-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан жалпы 26 685 жаран мекенине кайтты.

Бул мезгил аралыгында алар 102 аба каттамы жана Казакстандын аймагы аркылуу 95 автобус каттамы менен жеткирилди.

COVID-19 пандемиясынан улам марттын аягынан тартып бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан.

Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан. Чек аралар азырынча жабык, темир жол жана автожол каттамдары да качан толук ачылары белгисиз.

Өлкөнүн жалпысынан тогуз чет мамлекет менен авиакаттамы бар. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG