Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Акышев: Авиакаттамдар аркылуу Кыргызстанга 25 миңден ашык жаран жеткирилди


Курманбек Акышев.
Курманбек Акышев.

Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден 200дөн ашык чартердик рейстер каттады.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев 10-августтагы брифингде билдиргендей, бул каттамдар менен чет жактардагы 25 миңден ашуун кыргызстандык жаран келди. Чартердик каттамдарды уюштуруу иштери уланып жатат.

Акышев учурда Орусия менен туруктуу авиа каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Быйыл мартта Кыргызстанда коронавирус илдети чыгып, буга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жана андан кийин өзгөчө абал режими жарыяланган. Эки жарым айга созулган карантин шарты жумшартылгандан кийин вируска кабылгандар көбөйүп, абал оорлошуп кеткен.

COVID-19 пандемиясынан улам марттын аягынан тартып бир катар мамлекеттер аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапкан. Ушундан улам чет өлкөлөрдөгү миңдеген кыргызстандыктар бийликтен Кыргызстанга алып кетүүнү суранышкан.

Чек аралар азырынча жабык тургандыктан, темир жол жана автожол каттамдары качан толук ачылары белгисиз. (NT)

XS
SM
MD
LG