Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Аба каттамдары акырындап ачыла баштады


Түркия. «Түрк абал жолдору» компаниясы.
Түркия. «Түрк абал жолдору» компаниясы.

Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары карантинден бери биринчилерден болуп Кыргызстан менен туруктуу авиа каттамдарын жандандырды.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул эки өлкөнүн жарандык авиация органдары Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалдын оңолуп баратканын эске алуу менен жүргүнчүлөрдүн туруктуу авиа каттамдарына уруксат бергенин белгиледи.

Министр ушу тапта Орусия жана Кытай менен да авиа каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты. Бирок чек аралар азырынча жабык тургандыктан темир жол жана авто жол каттамдары качан ачылары белгисиз экенин кошумчалады.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча 7-августта Түркия менен Бириккен Араб Эмираттарынын авиа компаниялары Кыргызстанга туруктуу каттамдарды аткарууну калыбына келтирди.

Буга чейин бекитилген график боюнча боюнча «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча жумасына эки ирет, «Пегасус Эйрлайнс» компаниясы да Стамбул-Бишкек каттамы боюнча жумасына эки ирет уча турган болду.

«Флай Дубай» авиакомпаниясы Дубай-Бишкек-Дубай каттамы боюнча жумасына бир жолу учат. Мындан сырткары Кыргызстандын «Авиа Траффик» компаниясы да жумасына эки ирет Бишкек-Стамбул, бир ирет Бишкек-Анталья багыты боюнча каттай турганы такталып жатканы кабарланды. Учурда бул авиа каттамдардагы учуу жадыбалы аныкталып, авиакомпанияларда билеттер сатылып жатканы көрсөтүлгөн.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов азыр башка авиа каттамдарды калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты:

Жанат Бейшенов.
Жанат Бейшенов.

«Бүгүнтөн тартып Стамбул менен Дубайдан Бишкекке жадыбал боюнча учактар дайыма уча баштайт. Бул Кыргызстанда эпидемиологиялык абал бир аз оңолуп баратканын көргөзөт. Ошондуктан Түркия менен Бириккен Араб Эмираттары ушундай чечим кабыл алышты. Азыр биз Орусия менен да иш алып барып жатабыз. Орусия биздеги эпидемиологиялык кырдаалга карап туруп ошого жараша аба каттамдарын калыбына келтирет. Бүгүнкү күндө чартердик негизде учактар каттап жатат. Эми абалга жараша баа берилсе, анан Орусия тарап да туруктуу авиа каттамдарды аткара баштайт. Азыр биздин Тышкы иштер министрлиги бул боюнча бардык тараптар менен сүйлөшүп жатат. Азыр эми ар бир өлкөнүн өкмөтүнө караштуу республикалык штаб андагы абалды жана авиакаттамды аткара турган өлкөдөгү абалды эске алуу менен чечим чыгарат».

Эл аралык каттамдардын жаңыдан киргизилген тартибине ылайык, бул авиакомпаниялардын билеттерин сатып алып, Бишкектен Стамбулга эркин учуу каралса, Стамбулдан Бишкекке Кыргызстандын жарандары гана коё берилет.

Кыргыз өкмөтү азырынча чет элдик жарандарды өз аймагына киргизүүгө тыюу салган быйылкы жаздагы токтомун жокко чыгара элек. Ошондуктан дипломаттар, расмий делегациянын мүчөлөрү, жумуш визасынын ээлери, кыргызстандык жакын тууганы барлар, жүк ташуучулар, машинисттер жана учкучтар сыяктуу чет элдик жарандардын категориясы гана өлкөгө кире алат.

Башка кошуна өлкөлөр да мына ушундай тартипти кармап жаткандыктан Орусияга жана Казакстанга кайтууну каалаган кыргызстандыктар адатта чек арадан чоң жүк ташуучу автоунаалардын экинчи айдоочусу катары катталып, өтүп жаткан өнөкөт пайда болгон.

Ысымын атагысы келбеген кыргыз жараны Казакстанга кантип барып-келип жаткан жагдай тууралуу кеп салды:

«Кыргыз жарандыгы бар адам чек арадан Казакстанга өтүш үчүн 36 пункттан турган тизмеге кирген категориядагы чет элдик жарандар анын аймагына кире ала турганы көрсөтүлгөн экен. Бирок бизге анын бардыгын түшүндүрүп беришкен жок. Биз сыяктуу жумуш боюнча ал жакка өтүүнү каалагандарга жол жок экен. Ошондуктан биз чоң жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу менен сүйлөшүп, ага экинчи айдоочу катары катталып, чек арачылар менен сүйлөштүк. Анан эки тарапта жакын туугандары бар адамдар же болбосо медициналык багыттама боюнча бара жатканын ырастаган атайын маалымкаттын негизинде өтө алышат экен».

Эл аралык авиа каттамдарды жүргүзүү санитардык коопсуздук талаптарын катуу сактоо шартында гана уруксат берилгени расмий билдирүүдө көрсөтүлгөн. Анда жүргүнчүлөрдү социалдык аралыкты сактоого, аларды беткап жана мээлей кийген соң гана учактын бортуна отургузууга байланышкан эрежелер иштелип чыккан. Ал эми автожол чек ара өткөрмөлөрү аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат бериле элек экенине байланыштуу эл аралык автоунаа каттамдарын ачуу маселеси азырынча чечиле элек.

Бул тууралуу белгилеген транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов эл аралык жүк ташуу көбөйгөнү менен жүргүнчүлөрдү ташууга азырынча уруксат жок экенин билдирди:

«Темир жол аркылуу жүк ташуучу темир жол каттамдары жана жүк ташыган автожол каттамдары гана иштеп жатышат. Бизде азырынча жүргүнчүлөр каттамдарын калыбына келтирүү жагы чечиле элек. Анткени азыр бизге кошуна мамлекеттер да чек арасын ача элек. Бул боюнча кандай шартта ачабыз деген негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми автожол аркылуу жүк ташуу буга чейин эле болуп келген».

Быйыл март айынын соңунда Борбор Азия чөлкөмүндө Казакстандан кийин эле Кыргызстанда коронавирус илдети катталып, буга байланыштуу өлкөдө өзгөчө кырдаал жана андан кийин өзгөчө абал режими жарыяланган.

Эки жарым айга созулган карантин бүткөн соң таажы вирусунун жайылышы күчөп кеткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG