Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Орусияда депортацияны күткөн мекендештер


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда мигранттарды убактылуу кармоочу жайларда отурган кыргызстандыктар жардамга муктаж. 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу миграциялык эрежелерди бузган чет өлкөлүктөрдү депортациялоо сентябрга чейин токтотулган.

21 жаштагы Жалолидин Ж. аттуу кыргыз жараны ​ Владимир облусундагы мигранттарды убактылуучу камоочу жайда төрт айдан бери отурат.

Мартайынын башында Москвадан облуска жумуштары менен барган мигрантты полиция текшерип, келген аймакта миграциялык каттоосу жоктугун себеп кылып кармаган. Сот Орусиядан чыгарууга чечим чыгарып, кеткенге чейин убактылуу камакка жөнөтүлгөн.

Марттын аягында Кыргызстанга депортация болууга тийиш мигрант пандемиядан улам чек аралар жабылып, аба каттамдары токтотулганына байланыштуу убактылуу камакта калып кеткен.

«Москвада жүргөнүмдө миграциялык каттоомду полиция текшерип эле турчу. Бул жакка келгенде Жол кайгуул кызматынын инспекторлору токтотуп калып, «миграциялык каттооң жок» дешти. Владимир облусуна жакында эле келгенимди айттым. Анан алып барып, москвалык каттоомду базадан карашып, документ «жасалма» экенин айтышты. Бир күндө сотко жеткирип, өлкөдөн чыгармай болушкан. Карантин башталып калып, ошондон бери ушул жакта отурам».

Чет жакта убактылуу камоочу борборго тамак-аш, кем-карчын киргизип турган жакыны жоктугун айткан мекендеш Кыргызстанга депортация болчу күндү саргайып күтүп отурат.

« "Сейилдөөгө жер жок" деп эшикке чыгарышпайт. Түрмөдөй эле. Бир бөлмөдө беш адам жашайбыз. Терезе, эшиктер бекитилет. Күн ысыганда дем жетпей кыйналасың. "Коронавирус менен ооругандар жок" дешти. Бул жакта кандай дарт менен ооруба, анальгин эле берип коёт. Мага жардам киргизе турган да киши жок болуп атат».

Орусиянын аймагында депортация боло турган мигранттарды убактылуу камоочу жыйырмадан ашуун жай бар.

Мырзапаяс Карагулов
Мырзапаяс Карагулов

Москвадагы кыргыз элчилигинин юристи Мырзапаяс Карагулов Сахароводо 15 жаран Кыргызстанга депортациялоо болууну күтүп жатышканын айтты.

Элчиликтин марттагы маалыматы боюнча, ал жерде 55 жаран камакта отурган.

«Азыр ал жакта 15 кыргызстандык кармалып турат. Төрт-бешөөнүн документи даяр, рейс болсо эле кетишет. Бул Москва боюнча гана маалымат. Аймактар өзүнчө каралат. Бирок, спецприемниктерде мигранттар көп деп айтууга болбойт. Карантин чаралары киргизилер алдында Орусиянын ИИМи аймактардагы убактылуу борбордо камалган чет өлкөлүктөрдү Екатеринбург аркылуу депортация кылган. Ошондо кыргызстандыктардын бир тобу мекенге кайтарылган. Документи даяр эместер, өкмөткө карызы барлар калган. Кийин алардын саны көбөйгөн жок. Анткени, орус бийлиги мигранттарды административдик камакка алууну токтотподубу».

Орусиянын президенти Владимир Путиндин 18-апрелдеги жарлыгына ылайык, миграциялык эреже бузуулар үчүн чет өлкөлүктөргө административдик жаза чегерүү менен бирге аларды депортациялоо да токтотулган. Июнда бул миграциялык чаралар 15-сентябрга чейин узартылды.

Екатеринбургдагы башкы консул Руслан Бийбосунов карантин маалында Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш аркылуу жыйырмадан ашуун кыргыз жараны депортация болгонун, азыркы кезде убактылуу кармоочу жайда отургандарды Кыргызстанга кетирүү мүмкүн болбой жатканын айтты:

«Карантин маалында спецприемниктерден 24 жараныбызды Кыргызстанга кетирдик. Азыр Екатеринбургдагы борбордо үч киши, Тюменде - төрт, Сургутта -үч, Челябинскиде - алты киши бар. Бардыгы миграциялык эрежелерди бузганы үчүн депортацияга туш болгондор эмес, арасында орус абактарынан бошоп, Кыргызстанга кетирүүнү күтүп жаткандар да бар. Азырынча биздин аймактан чартердик каттам уюштуруу маселеси карала элек».

Консулдукта каттоодон 14 миңдей жаран өткөн. Жалпы Урал Федералдык аймагында 30 миңден ашуун кыргызстандык иштейт. Учурда Башкы консулдукка 1,5 миң мигрант кайрылып, Кыргызстанга кетүүгө муктаждардын тизмесинде турушат.

Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны балдары, ата-энелерин кошкондо миллиондон ашат. Убактылуу камактагы мигранттардан тышкары орус абактарында 1,5 миңдей кыргызстандык кылмыш жазасын өтөп жатат.

Мартта карантиндик чаралар киргизилер алдында жана атайын уюштурулган чартердик каттамдар менен жыйырма миңден ашуун мигрант Кыргызстанга кайтарылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматы боюнча учурда Москвада жети миңден ашуун адам Кыргызстанга кетирүүнү суранып, атайын тизмеде турат.

Орусияда соңку күндөрү коронавирус илдети 7,5 миңдей адамдан аныкталып, өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 600 миңге чамалады. Расмий маалыматта 8,3 миң адам оорудан өлгөнү айтылды.

Орус өкмөтү 15-июлдан тартып аба каттамдарын калыбына келтирүүгө камданып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG