Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

12-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бишкек шаарындагы сейил бактардын бири.
Бишкек шаарындагы сейил бактардын бири.

12-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.

XS
SM
MD
LG