Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

Немис дипломаты Хангошвилинин өлүмү боюнча Москвага доомат артты


Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас (солдо) менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 11-август, 2020-жыл.
Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас (солдо) менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров. Москва, 11-август, 2020-жыл.

Германия чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин Берлинде киши колдуу болушуна байланыштуу Орусиядан маалымат ала албай келатат. Бул тууралуу немис тышкы иштер министри Хайко Маас 11-августта Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуусунан кийин билдирди.

Ал Орусияга баш-аягы 17 жолу өтүнүч жөнөтүлгөнүн, бирок андан майнап чыкпаганын айтты. Ошондой эле Хангошвилинин өлүмүнүн артында орус бийлиги турары жөнүндө прокурорлордун бүтүмү сотто ырасталса, анда анын кесепети болоорун эскертти. Орус башкы дипломаты Лавров Москва Берлиндеги киши өлтүрүүгө байланыштуу колдон келген бардык маалыматты немис тарапка бергенин белгиледи.

Кезинде чечен жикчилдеринин командири болуп, кийин Грузиянын коопсуздук органдары менен кызматташууга өткөн 40 жаштагы Зелимхан Хангошвили 2019-жылдын 23-августунда немис баш калаасында окко учкан. Кылмышка шектүү катары Вадим Соколов аттуу адамдын паспортун алып жүргөн орус жараны кармалган. Кийинчерээк ал кишинин чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков экени маалым болгон.

«Bellingcat» иликтөөчүлөр тобу Хангошвилинин өлүмүн Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштуруп, ишке ашырган деген тыянакка келген. Орус президенти Владимир Путин Хангошвилини «мыкаачы, канкор» деп сыпаттап, ал издөөдө болгонун, бирок Москва аны өлтүрүүгө катышпаганын айткан.

XS
SM
MD
LG