Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Бейруттагы жарылуунун курмандыктары эскерилди


Бейруттагы нааразылык акциясы. 8-август, 2020-жыл.
Бейруттагы нааразылык акциясы. 8-август, 2020-жыл.

10-августта Ливандын баш калаасы Бейрутта бир апта мурдагы жарылуунун курмандыктары эскерилди. Шаарда жергиликтүү убакыт боюнча 18:09да бир мүнөттүк жымжырттык жарыяланды.

Туура бир жума мурда же 4-августта ошол мүнөттөрдө Бейруттун портунда сакталып турган 2750 тоннадай аммиак селитрасы жарылган. Андан мерт болгондор 200 кишиден ашты. Кеминде беш миңдей адам жарадар болду.

Жарылуудан портко жакын жайгашкан имараттар кыйрап, Бейруттун бир катар райондорунда турак жайлардын эшик-терезелери талкаланган.

Аны улай Бейрутта жарылууга байланыштуу өкмөткө каршы нааразылык акциялары башталган. Мындай демонстрациялардан улам дүйшөмбү күнү Хасан Диаб жетектеген өкмөт кызматтан кеткени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG