Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирустан алты киши кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 12-августтагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, каза болгондор Бишкекте, Баткен, Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында катталды.
COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери бул оорудан каза болгондордун жалпы саны 1484 кишиге жетти.
Бир сутка ичинде коронавирус дагы 304 кишиден жаңы аныкталды. Марттан бери вирус жугузуп алгандардын жалпы саны 40759 кишини түздү. Анын 33027си айыкты. (NT)