Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Кой-Таш окуясы боюнча сот 17-августка жылдырылды


Кой-Таш окуясы боюнча сот аралыктан өтөт. Сүрөттө айыпталуучулар. 2020-жылдын 3-августу.
Кой-Таш окуясы боюнча сот аралыктан өтөт. Сүрөттө айыпталуучулар. 2020-жылдын 3-августу.

Айыпталуучу Асел Кодуранованын адвокаты сотко келбей калгандыгына жана Кундуз Жолдубаеванын, Канат Сагымбаевдин, Канат Осмоналиевдин адвокаты Бакытбек Автандил уулу ооруп жатканына байланыштуу 12-августта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму болбой калды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кийинки жараян 17-августка белгиленгенин билдирди.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда. Коронавирус пандемиясынан улам сот 3-августтан тартып аралыктан өтүп жатат.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (BTo)

XS
SM
MD
LG