Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

Казак соту жарандык активист Асия Тулесованы күнөөлүү деп тапты


Жарандык активист Асия Тулесова.
Жарандык активист Асия Тулесова.

Казакстандын Алматы шаарындагы Медеу райондук соту «полицияга зомбулук көрсөткөн» деп айыпталып жаткан жарандык активист Асия Тулесованы күнөөлүү деп тапты. Сот активисттин эркиндигин 18 айга чектеп, 41 миң теңге ($100) айып пул төлөөгө милдеттендирди. Тулесова сот залынан бошотулганы менен чет өлкөгө чыга албайт.

Бир күн мурда прокурорлор жарандык активистти бир жылга түрмөгө кесүүнү соттон өтүнгөн. Тулесованын адвокаты Жохар Утебеков райондук соттун чечими боюнча жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдирди.

Өкүм жарыяланар алдында активисттин тарапкерлери сот имаратынын алдына чогулуп, «Судьяга уят!» деп кыйкырып турушту.

36 жаштагы Асия Тулесова быйыл 6-июнда Алматыдагы митинг маалында кармалган. Ал күнү полиция Казакстандын бир нече шаарында «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга карата нааразылык билдирип чыккан 100дөн ашуун адам кармап кетип, көбүн ошол күнү кечинде бошоткон.

Тулесова митинг маалында тартип коргоочулардын биринин шапкесин чаап жибергени чагылдырылган видео Интернетке таркап кеткен. Активист кыз ал полициянын мыйзамсыз аракеттерине жооп катары ушул кадамга барганын айтып, өзүнө саясий негизде айып коюлганын билдирген.

Буга чейин «Human Rights Watch» сыяктуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары жана Казакстандагы жарандык коом өкүлдөрү президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, Тулесованы бошотууну талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG