Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы Бахтияр Акимбаев Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов 10-августта кол коюп, 12-августта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Балбак Түлөбаев жаңы акимди райондун тургундары менен тааныштырды. Бул тууралуу облустук бийлик кабарлады.
Бахтияр Акимбаев 1997-2002-жылдары Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуган. 2002-2003-жылдары аскер кызматын өтөгөн.
Эмгек жолу:
- 2004-жылы Түп айыл өкмөтүнүн кызматкери;
- 2004-2005-жылдары Түп райондук аскер комиссариатынын кызматкери;
- 2005-2015-жылдары УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын кызматкери;
- 2015-жылдан бери УКМКнын Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеп келаткан.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы. (BTo)