Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан кетти


Азамат Болгонбаев.
Азамат Болгонбаев.

Азамат Болгонбаев 11-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңешинин төрагалык кызматын тапшырып, кеңештеги мүчөлүгүн да токтотконун «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Бирок анын себебин түшүндүргөн жок.

Төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп ушул жылдын 6-февралда шайланып, телеканал менен коомчулуктун ортосундагы байланышты күчөтөрүн айткан.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат.

Байкоочу кеңештин жетекчиси добуш берүү аркылуу шайланат. (BTo)

XS
SM
MD
LG