Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү логистикалык борбор курулат


Баткенде курулушу башталган долбоор.
Баткенде курулушу башталган долбоор.

Жеке ишкер Нурбек Осмонов Баткен облусунда өрүктү кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбор жана текстил фабрикасын курганы жатат. Ал үчүн төрт гектар жер бөлүнгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-августта Баткенде болгон жумушчу сапарында анын долбоорлору менен таанышканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Нурбек Осмонов жергиликтүү өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго сегиз млн. АКШ долларына жакын инвестиция салынганын, ишкана иштей баштаса 200 жумуш орду түзүлүп, жыл сайын сегиз миң тонна өрүк кайра иштетилерин айтты.

Ал эми текстил фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик алты млн. АКШ долларына бааланууда. 2021-жылдан тартып фабрика Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча 1000 жумушчу ордун түзүүнү жана жыл сайын 400 млн. сомго жакын өндүрүм чыгарууну пландаштырууда. Жогорудагы долбоорлордун курулушун 2020-жылдын декабрында бүтүрүү пландалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG