Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Пашинян Лукашенкону куттуктаганы үчүн сынга кабылды


Беларустун президенти Александр Лукашенко (солдо) менен армян премьер-министри Никол Пашинян, Ереван. 1-октябрь, 2019-жыл.
Беларустун президенти Александр Лукашенко (солдо) менен армян премьер-министри Никол Пашинян, Ереван. 1-октябрь, 2019-жыл.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Беларустун президенти Александр Лукашенкону куттуктаганы үчүн өз өлкөсүндө сынга кабылды. Еревандагы укук коргоочу Артур Сакунц армян премьери Беларустагы нааразылык менен коштолгон шайлоонун расмий жыйынтыгын күтпөстөн Лукашенкону куттуктаганы «жарабай» турганын «Фейсбукка» жазды.

Ал демократиялуу өлкөлөрдүн лидерлери, өзгөчө Пашинян сыяктуу элдик толкундоодон кийин бийликке келген жетекчилер авторитардык мамлекет башчыларын куттуктабашы керек экенин белгиледи.

Хелсинки жарандык ассамблеясынын Ванадзордогу кеңсесин жетектеген бул укук коргоочу Беларустагы шайлоо менен Армениядагы 2008-жылдагы талаштуу шайлоонун окшош жактары бар экенин айтты. Ошондой эле 12 жыл мурдагы армян шайлоосунан кийинки нааразалыкты күч менен басканы үчүн учурда мурдагы президент Роберт Кочарян соттолуп жаткан эске салды.

Оппозициядагы «Жаркын Армения» партиясынын лидери Эдмон Марукян да Пашинян Лукашенкону куттуктаганга шашылганын, бул кадам «баалуулуктардын кагылышын» көрсөткөнүн айтты.

Пашиняндын басма сөз катчысы Мане Геворкян мындай сындан кабары бар экенин айтып, аларга жооп берүүдөн баш тартты.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-августтагы шайлоону президент Александр Лукашенко 80,2% көрсөткүч менен жеңгенин жарыялаган. Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановская 10% жакын добуш топтогону маалымдалган. Шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныбаган Тихановская Литвага чыгып кеткен. Беларуста Лукашенконун жеңишин тааныбаган миңдеген демонстранттар үчүнчү түн катары менен нааразылык акциясына чыгышты.

Буга чейин Лукашенкону Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын жана Азербайжандын лидерлери да куттуктаган. Европа Биримдиги Беларус милициясынын демонстранттарга күч колдонгонун айыптап, бийликти добуштарды так саноого чакырган.

XS
SM
MD
LG