Кремлдин саясатын сындап келе жаткан белгилүү орус актёру Михаил Ефремовдун соту 18-августка жылды. Буга актёрдун шаршембидеги сотко келе албаганы себеп болду.
Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы үчүн айыпталып жаткан актёр бир күн мурдагы сот жыйынында өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылган. Орус маалымат каражаттары Ефремовдо инсульттун белгилери байкалганын атын атабаган медициналык кызматкерлерге шилтеме кылып кабарлашкан.
8-июндун түнүндө актёр айдап келе жаткан автоунаа Москванын борбордук бөлүгүндө каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагылышкан. Натыйжада фургондун айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров ооруканада өлгөн. Ефремов жабыркаган эмес.
Москванын полициясы актёр мас абалында болгонун кабарлаган. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, Ефремов 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Михаил Ефремов – белгилүү театр жана кино актёру, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө ал сатиралык долбоорлору жана бир катар телепрограммалары менен таанымал. Ал жол кырсыгына байланыштуу өзүнө коюлган айыптарды четке каккан.