Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Армян өкмөтү өзгөчө абалды бешинчи жолу узартууну чечти


Еревандагы оорукана. 5-июнь, 2020-жыл.
Еревандагы оорукана. 5-июнь, 2020-жыл.

Армениянын өкмөтү коронавируска байланыштуу марттан бери өкүм сүрүп келе жаткан өзгөчө абал режимин дагы бир айга узарта турган болду. Мындай чечим өкмөттүн шаршембидеги чукул жыйынында кабыл алынды. Анда премьер-министр Никол Пашинян өзгөчө абал 11-сентябрда толугу менен алынат деп үмүт артып турганын айтып, элди санитардык эрежелерди так сактоого чакырды. Өзгөчө абалды узарткан чечим парламенттин колдоосунан өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ошол эле учурда өкмөт эпидемияга байланыштуу март айында киргизилген айрым чектөөлөрдү жумшартты. Ага ылайык, өлкөдө 40 кишиге чейин катышкан чогулуштарды өткөрүүгө жол ачылат. Мындан ары чет өлкөлүк жарандар коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын көрсөтүү менен Арменияга эркин кире алышат.

Буга чейин армян оппозициясы Пашинянды «өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын алдын алыш үчүн өзгөчө абалды узартып жатат» деп сындаган болчу.

Эки күн мурда Армениянын билим берүү министри Араик Арутюнян өлкөдө март айынан бери жабык турган мектептер 15-сентябрда ачыларын билдирген.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Арменияда COVID-19 эпидемияcы башталгандан бери 41 миңге жакын адам коронавирус жузугуп алды. Алардын 800дөн ашыгы көз жумду.

XS
SM
MD
LG