Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп, айдоочусу набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун 239-чакырымында, Чычкан капчыгайынын Молдобайдын төрү деп аталган тилкесинде күйүүчү май ташыган автоунаа көпүрөдөн сайга кулап түшүп, күйүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен автоунаанын айдоочусу каза болгон. Окуя 12-август күнү, саат 12 чамасында болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары айдоочунун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Күйүүчү май ташыган автоунаанын өрттөнгөнү тууралуу алгачкы маалымат өрт өчүрүүчүлөргө саат 12:19да берилген. Өрт толугу менен саат 19да өчкөн. Күйүүчү май ташыган автоунаадан чыккан өрт талаадагы куураган чөпкө өтүп кеткен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG