Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Арменияда полиция бөлүмүн басып алгандар соттолууда


«Сасна црер» тобунун соту. Армения, 12-август, 2020-жыл.
«Сасна црер» тобунун соту. Армения, 12-август, 2020-жыл.

Арменияда чуулгандуу сот ишинде прокурор 2016-жылы Еревандагы полиция бөлүмүн басып алган куралдуу топтун мүчөлөрүн узак мөөнөттөргө кесүүнү суранды.

Оппозициядагы ашынган «Сасна црер» тобунун көпчүлүк мүчөлөрү сот жараяны аяктай электе эле, Арменияда мындан эки жыл мурун бийлик алмашкандан кийин коё берилген. Ал уюмга Тоолуу Карабактагы согушка катышкан көрүнүктүү ардагерлер да бар. Айрымдары парламент депутаттарынын жеке кепилдиги менен бошотулган.

Полиция бөлүмүнө чабуул койгондон кийин куралдуу топ ошол кездеги президент Серж Саркисяндан улутчул саясатчы Жирайр Сефилянды эркиндикке чыгарууну жана кызматтан кетүүнү талап кылган. Коопсуздук күчтөрү менен эки жумага созулган тирешүү барымтага алуу менен коштолгон, полициянын үч кызматкери окко учкан. Ошондон кийин топ куралсыздандырылган.

XS
SM
MD
LG