Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Бишкекте сууга чөгүп кеткен бала табылбай жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи май районунда 10-августта Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жаштагы бала дагы эле табыла элек.

Баланын атасы Талант Жаркынов каналда суу көп болуп, издөө иштерине тоскоолдук кылып жатканын айтып «Азаттыктын» «Эл үнү» берүүсүнө кайрылды:

«Тиешелүү мамлекеттик мекемелерге «сууну токтотуп бергиле» деп кайрылдык. Бирок азырынча жыйынтык болбой жатат. Сууну жок дегенде бир метр ылдыйлатып беришсе ӨКМдин балдары таап берерин айтышты. Себеби, азыр суу көп болгондуктан ылдый кирүү мүмкүн эмес экен».

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштерине 26 куткаруучу тартылганын, азырынча жыйынтык болбой жатканын кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кыргызстанда ушул жылдын 11-июнуна чейин ар кандай себептер менен 60га жакын киши сууга чөгүп каза болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG