Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:08

Текебаев: Бийликчил партиялар да, оппозиция да альянска бириге алган жок


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бул жолку парламенттик шайлоого оппозициячыл партиялар да, бийликчил партиялар да альянстарга бириге алышкан жок. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттыктын» талкуусуна катышып жатып билдирди. Анын айтымында, мындай саясий кырдаал шайлоодогу атаандаштыкты арттырууга шарт түзөт.

«Бул жолу кубандырганы - оппозиция гана эмес, бийлик да бириге албай жатат. Мен ошону каалагам. Ушундай система түзүлсө экен деп ойлогом. Бийликтегилер сүйлөшө албай, чабышып, эл колдогон байлыгы жок, бийлиги жок партиялар өтүп келсе деп каалаганбыз. Бүгүн ушундай шарт түзүлүп турат», - деди Текебаев.

Саясатчы бийликти колдогон саясий партиялар ар башка кызыкчылыкты көздөп жатат деген пикирде.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Учурда 44 саясий партия шайлоого катышкысы келерин билдирип, БШКга кайрылды. Алардын арасынан «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышпай турганын жарыялаган.

БШКдагы тизмеден дагы эки партия эсебин өз убагында ачпаганы үчүн четтетилгени кабарланууда.

Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоого катышууну каалаган партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, талапкердин тизмесин бекитиши керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG