Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Шайлоо 2020: БШК үч партияны тизмеден чыгарды


Борбордук шайлоо комиссиясы. Бишкек. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы. Бишкек. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкысы келерин билдирген партиялардын ичинен үчөөнү тизмеден чыгарды. Алар: «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы», «Агрардык партия» жана «Жаратман» партиясы. БШКнын басма сөз катчысы Руслан Изрековдун «Азаттыкка» берген маалыматына ылайык, «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тарткан. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясы шайлоо фондун мөөнөтүндө ача албаганы үчүн жарыштан чыгарылды.

Буга чейин талаштуу болуп келген КСДП шайлоого ат салышуучу партия катары катталган. Буга Жогорку соттун корутундусу негиз берген. 28-июлда Жогорку сот БШКнын Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) парламенттик шайлоого каттоого милдеттендирген чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо быйыл 4-октябрга дайындалган. Шайлоого катышуу ниети менен БШКга 44 саясий партия кайрылган. Булардын ичинен эки партия – «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен «Бирик» партиясы биригип, шайлоого чогуу аттанары 13-августта кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG