Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:27

Кабул туткундагы талиб согушкерлеринин акыркы тобун бошотууга киришти


Абактан чыгып жаткан талибдер. Кабул, 13-август, 2020-жыл.
Абактан чыгып жаткан талибдер. Кабул, 13-август, 2020-жыл.

Ооган өкмөтү «Талибандын» туткундагы калган согушкерлерин бошото баштады. Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши 13-августта 80 адамдан турган топ бошотулганын билдирди. Кеңеш «Твиттердеги» баракчасына алардын чыгарылышы «атышууну токтотуу жана өз ара сүйлөшүүлөрдү баштоо аракеттерин тездетет» деп жазды.

Өткөн дем алыштарда Ооганстандын Улуттук кеңеши – Лойя Жырга макулдук бергенден кийин президент Ашраф Гани 9-августта 400 туткунду кое берүү жөнүндө буйрукка кол койгон. Алардын көбү карапайым оогандарды, чет өлкөлүктөрдү өлтүрүү өңдүү оор кылмыштар үчүн айыпталган.

Быйыл февраль айында АКШ кыймыл менен 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол койгон. Документте Кабул менен талибдер туткундарды айырбаштагандан кийин сүйлөшүүлөр башталары айтылган.

Тараптар туткундардын баары бошотулгандан кийин Катардын баш калаасында жакынкы күндөрү сүйлөшүү баштоого даяр экенин билдиришкен.

Ооган бийлиги буга чейин талибдердин 4 600 туткунун эркиндикке чыгарган, февралдагы келишим боюнча бардыгы болуп беш миң кишини түрмөлөрдөн чыгармак.

«Талибан» өз тарабынан миң туткунду, анын ичинде өкмөт кызматкерлерин жана коопсуздук аскерлерин коё бергенин билдирип келатат.

Ошондой эле макулдашуудагы башкы шарттардын бири катары америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү каралган.

8-августта Пентагондун башчысы Марк Эспер ноябрдын аягына чейин ооган жергесинде беш миңге жетпеген АКШ аскерлери каларын билдирген.

XS
SM
MD
LG