Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

«Бирик» партиясынын айрым мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» менен биригүүгө каршы чыкты


«Бирик» партиясынын лидери Кылычбек Исамамбетов жана «Мекеним Кыргызстандын» жетекчиси Мирлан Бакиров.
«Бирик» партиясынын лидери Кылычбек Исамамбетов жана «Мекеним Кыргызстандын» жетекчиси Мирлан Бакиров.

«Бирик» саясий партиясынын мүчөсү Дастан Мурзалиев партиянын Ош шаарындагы мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен биригүүгө каршы экенин билдирди. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мурзалиев «Бирик» партиясынын лидери Кылычбек Исамамбетов «Мекеним Кыргызстан» менен парламенттик шайлоого чогуу баруу тууралуу чечимин партиянын Оштогу мүчөлөрүнө айтпаганын белгилеп, мындай биригүүгө каршы экендигин «Азаттыкка» билдирди:

«Биздин максат - бир партияга кошулуп эптеп эле депутат болуш эмес. Өзүбүздүн планыбыз, принциптерибиз бар. Атыбызды булгабай таза кетип баратканда элге жаман көрүнүп калбаш үчүн ушундай чечим кабыл алдык».

Дастан Мурзалиевдин айтымында Ош шаардык кеңешине 12-апрелге белгиленген шайлоодо тизмеде биринчи болуп жазылган жана партиянын Ош шаары боюнча координатору болгон. Шаардык кеңешке шайлоо коронавирус илдетинен улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

«Мекеним Кыргызстан» менен «Бирик» 4-октябрдагы парламенттик шайлоого чогуу барарын, тиешелүү меморандумга эки партиянын лидерлери Мирлан Бакиров менен Кылычбек Исамамбетов кол койгонун 13-августта жарыяланган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат. Партия 13-августтагы саясий кеңешинин жыйынынан тартылган сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовду, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевди, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровду көрүүгө болот.

«Бирик» партиясы 2018-жылы пайда болгон. Партияны түптөөчүлөрдүн бири жана анын лидери, жеке ишкер Кылычбек Исамамбетов 2015-жылкы парламенттик шайлоодогу «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 41-орунда турган.

Кылычбек Исамамбетов партиялаштарынын «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен биригүүгө байланыштуу дооматына комментарий бере элек.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясы шайлоо фондун мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG