Беларустагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Светлана Тихановская жума күнү кайрылуу жаздырды. Ал шайлоону жеңгенине ишенерин, жыйынтыкты бурмалоодон баш тарткан ондогон шайлоо участокторунда добуштардын 70-90% алганын айтты. 10-августта бийликтин басымынан улам Литвага кеткен оппозициячыл талапкер ага добуш берген жарандарга ыраазычылык билдирип, «өз чечимин коргоого», дем алыш күндөрү элди тынч митингге чыгууга үндөдү.
Ал шаарлардын мэрлерине кайрылып, 15-16-август күндөрү элдин тынч акцияларын өткөрүшүн камсыз кылууга чакырды.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26-жылдан бери башкарып келе жаткан президент Александр Лукашенко добуштардын 80%, Светлана Тихановская 10% алганын билдирген. Оппозициячыл талапкердин штабы өзүнчө санак жүргүзүп, жыйынтыгы тескери болгон. Тихановская расмий жыйынтыкты тааныбай турганын жарыялаган.