Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:19

Болгариянын премьери жаңы Конституция кабыл алууга чакырды


Бойко Борисов.
Бойко Борисов.

Бир айдан бери демонстранттар кызматтан кетишин талап кылып келаткан Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов жаңы Конституцияны кабыл алуу маселесин талкуулаш үчүн элдик ассамблея өткөрүүгө үндөдү.

«Саясий системаны өзгөртүүгө гана эмес, өлкөгө жаңы дем берүүгө мезгил жетти», - деди Борисов 14-августтагы телекайрылуусунда. Премьер азыркы Баш мыйзам «башка тарыхый доордо, башка саясий жагдайларда кабыл алынганын» белгиледи.

Жетекчи парламент жаңы шайлоонун датасын аныктаса эле кызматынан кетүүгө даяр экенин айтты. Шайлоо эмки жылдын мартында өтүүгө тийиш. Премьер башкаруудагы партия жаңы Конституциянын долбоорун даярдаганын, анда депутаттардын санын азыркы 240тан 120га азайтуу каралганын айтты.

Өкмөттү «коррупцияга батты, мамлекеттик институттарга көлөкө түшүрдү» деп үчүн айыптаган митингчилер «Борисовдун сунушу - убакытты чоюунун дагы бир амалы» деп билдиришти.

21-июлда парламентте өкмөткө ишенбестик көрсөтүү маселеси колго салынып, бирок депутаттардын көбү кабинетти колдогон. Ал өкмөт 2017-жылы иштей баштагандан берки бешинчи добуш берүү болгон.

XS
SM
MD
LG