Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Орусиядан 300дөн ашык кыргызстандык мекенине кайтып келди


«Авиа Траффик Компани» компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.
«Авиа Траффик Компани» компаниясынын учагы. Иллюстрациялык сүрөт.

«Авиа Траффик Компани» авикомпаниясынын эки учагы Москва-Бишкек жана Санкт-Петербург - Ош каттамдары менен кыргызстандык 312 жаранды алып келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Анда айтылгандай, учактар 14-августта келди.

Кайтып келгендердин ичинде кош бойлуу, жаш балалуу аялдар, студенттер, кары-картаңдар, муктаждар жана башка аялуу катмардагы жарандар бар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, 20-марттан 1-августка чейин Орусиянын 21 аймагынан 20 миңден ашуун кыргыз жараны мекенине кайтты. Алар үчүн 80ге жакын авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург, Самара облустарынан 52 автобус уюштурулган.

Мурдараак Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Бишкек менен Оштон Орусиянын шаарларына 15-августтан авиакаттам ачыларын билдирген. 30-августка чейин 16 каттам болору кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG