«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров менен «Табылга» партиясынын лидери Туратбек Акимканов бирге иш алып баруу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабы кабарлады.
«Табылга» партиясы негизинен Ысык-Көл облусунун активисттери тарабынан негизделген. 2016-жылы 27% добушка ээ болуп, Каракол шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 28,5% добуш менен биринчи орун алган.
Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматка ылайык, партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Асылбек Бабаев, Туратбек Акимканов, Каныбек Егембаев, Азат Каратаев, Эрлан Айсаракунов, Мира Абдыраимова, Улан Чыманов, Марс Токтогазиев, Канат Жаныбеков, Акбарбек Бараков көрсөтүлгөн.
Мунун алдында «Бирик» партиясы да «Мекеним Кыргызстанга» кошулган. Кийин «Бирик» партиясынын мүчөсү Дастан Мурзалиев партиянын Ош шаарындагы мүчөлөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен биригүүгө каршы экенин билдирип чыккан.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат. Партия 13-августтагы саясий кеңешинин жыйынынан тартылган сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовду, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевди, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровду көрүүгө болот.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого барарын жалпысынан 44 партия билдирген. «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» шайлоого катышуудан өз эрки менен баш тартты. Ал эми «Агардык партия» менен «Жаратман» партиясына шайлоо фондун өз мөөнөтүндө ача албаганы үчүн шайлоого катышуу укугу берилген жок. (ErN)