Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

COVID-19: Бир суткада вирусту 272 адам жугузганы аныкталды, эки адам каза болду


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

COVID-19 вирусунун U07.1 жана U07.2 категорияларын соңку бир суткада 272 адам жугузганы аныкталды. Алардын 12си медициналык кызматкерлер. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады.

Анда айтылгандай, жаңы жугузгандардын 65и Ысык-Көл облусунда, 47си Бишкек шаарында, 43ү Ош шаарында, 34ү Жалал-Абад облусунда, 28и Ош облусунда катталды. Чүйдө 24, Нарында 10, Баткенде 13, Таласта 8.

COVID-19 илдетинен, пневмонияны эсепке алганда соңку суткада эки адам каза болду. Бирөө Ошто, экинчи Нарында. Акыркы суткада 329 киши айыгып чыкты.

Расмий статистикага ылайык, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирустун курмандыктары 1493 кишиге жетти. Вирусту 41645 киши жугузуп алып, анын 33951 айыкты. (ErN)

XS
SM
MD
LG