Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:06

Кыргызстан эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү аракеттерин жандантты


Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын «Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Тийиштүү мамлекеттик органдар бир катар мамлекеттер менен эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча ишти күчөтүүгө милдеттендирилди. Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын 15-августтагы жыйынында ушундай тапшырма берди.

Отурумда мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Премьер-министр медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө маселесине токтолду.

Кубатбек Боронов азык-түлүк коопсуздугу жана дары каражаттарынын үч айлык запасын камсыздоо маанилүү экенине токтолуп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан март айынан тартып чек араларын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон. Ортодо жалаң чартердик учактар гана каттап келди.

Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги 1-августтан баштап туруктуу каттамдарга өтүү жөнүндө сунушун Бириккен Араб Эмираттарына, Казакстанга, Орусияга жана Түркияга жөнөткөн. Орусия макул болгон эмес, Түркия макулдук берген. Калган тараптардын позициясы белгисиз болгон.

5-августтан тартып түркиялык үч авиакомпания туруктуу аба каттамдарын жандандырган. Кийин Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Бишкек менен Оштон Орусиянын шаарларына 15-августтан тартып авиакаттам ачыларын билдирген. 30-августка чейин Орусияга 16 каттам болору кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG