Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьялык кызмат орундарына Сот тандоо кеңеши сунуш кылган 14 талапкердин 13үн дайындоо боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат кабарлады.
Анда айтылгандай, Нарын облустук сотундагы, Жалал-Абад жана Ош шаардык сотторундагы бош кызмат орундарына бирден талапкер, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна тогуз талапкер, ошондой эле ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктаганына байланыштуу баш калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна бирден талапкер көрсөтүлгөн.
Тийиштүү мамлекеттик органдар талапкерлерге карата берилген материалдарды эске алуу менен бир талапкерге макулдук берилген жок. Анын материалдарын мамлекет башчы кайра кеңешке кайтарды.
Биринчи жарлык менен Мамасадык Жапаров Ош шаардык сотуна жана Миран Шерматов Жалал-Абад шаардык сотуна беш жылдык мөөнөткө биринчи жолу жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалышты.
Кийинки жарлыктар менен тандалып алынган 11 судья жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна жаш курагы чегине чейинки мөөнөткө дайындалды жана сот ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн жиберилди. Алар Бишкектин Свердлов райондук сотуна Жылдыз Ибраимова, Алмаз Касымбеков, Гүлзат Саадабаев, Гүлмира Саргалдакова, Жыпар Сабырова, Асел Смаилова, Гаухар Тургунбекова, Санжар Чотонов, Галина Шин, Октябрь райондук сотуна Чыңгыз Адамкулов, Биринчи май райондук сотуна Дамира Орозова кайрадан дайындалышты.
Дайындалбай калган судьянын аты-жөнүн аталган жок. Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент быйыл 21-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тогуз судьяны кайра дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон. Коомчулукта сынга алынып келген судья Айбек Эрнис уулун кайра кызматка коюудан баш тарткан. Былтыр 11-апрелдеги жарлыгы менен мамлекет башчы Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук сотторуна судьяларды дайындаган. (ErN)