Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Президент судья Айбек Эрнис уулун кызматка кайра дайындаган жок


Айбек Эрнис уулу.
Айбек Эрнис уулу.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтык мөөнөтү аяктаган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кайра кызматка дайындоодон баш тартты. Муну Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин басма сөз катчысы Назира Сагыналиева «Азаттыкка» ырастады.

Мамлекет башчы кеңеш сунуштаган он талапкердин тогузун дайындоо боюнча жарлыктарга кол койгон. Анын бирөө жөнүндө мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, президент материалдарды артка кайтарганы кабарланган. Президенттик аппараттын билдирмесинде ал судьянын аты-жөнү ачыкталган эмес. Айрым маалымат каражаттары судьялыкка бекибей калган талапкер мурдагы судья Айбек Эрнис уулу экенин жазып чыгышкан.

Судьялардын кызматтык мөөнөтү беш жыл. Бул мөөнөт аяктаганда алар кайра дайындалышы керек же ал орундарга башка талапкер сунушталышы шарт. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдатан иштеп келген 16 судьянын онунун мөөнөтү быйыл бүткөн. Калган алтоонун жана быйыл жаңыдан дайындалган 14 судьялык штаттын мөөнөттөрү аяктай элек.

Айбек Эрнис уулу судья болгонго чейин ИИМде, андан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта бир топ жыл тергөөчү болуп иштеген. Сот тармагына 2015-жылы келген жана судьяларды тандоо боюнча бардык сынактан ийгиликтүү өткөнү, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин купулуна толгону айтылган.

Судья Айбек Эрнис уулу негизинен саясий жана чуулгандуу иштерди карап келгени менен белгилүү. Ал негизинен 2017-жылы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялаштары Дүйшөн Чотоновдун жана Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карап жаткан маалда таанылды. Текебаевдин жактоочулары сот жараянында судья бардык өтүнүчтөрдү четке какканын айтып, ага ишенбестик көрсөтүшкөн. Судья Эрнис уулу саясатчы Текебаев менен бир канча ирет кайым айтышканы да белгилүү.

Кийинчерээк Эрнис уулу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун иши боюнча чыгарган өкүмү үчүн жана 13 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жаткан адамды актаганы үчүн сынга кабылган.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айыптап чыккан.

Акыйкатчы Токон Мамытов буга чейин Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына судья Айбек Эрнис уулун, Бишкек шаардык сотунун коллегия мүчөлөрү Замир Алгожоевди, Керезбек Есекеевди жана Жамиля Сабитованы процессуалдык мыйзам бузууга жол бергени үчүн жоопко тартуу өтүнүчү менен кайрылган.

Эрнис уулунун соңку чечимине байланыштуу бир ай мурда Change.org деп аталган сайтта аны кызматтан кетирүүнү талап кылган петицияга 4200гө жакын киши кол койгон.

Мурдагы судья Айбек Эрнис уулу өзүнө карата сындарга пикирин билдире элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG